Кабарлар 6 лет назад

Ошто өрттөнүп жаткан үйдү чагылдырууга барган журналисттерге жергиликтүү жашоочулар кол көтөрүштү (СҮРӨТ)

Бүгүн, 27-апрель күнү Ош шаарынын Черемушка кичи районунда жайгашкан турак үйлөрдөн чыккан өрттү чагылдырууга барган журналисттерге жергиликтүү жашоочулар кол көтөрүшкөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз маалымдады. Маалыматка ылайык,алар журналисттерден өрттөп жаткан үйдү сүрөткө тартпоону талап кылышкан. Мындан сырткары, жергиликтүү телеканалдардын биринин операторунан камераны тартып алууга аракет кылышкан. Журналисттер жергиликтүү жашоочулардын мындай аракети боюнча милицияга кайрылышатЧеремушка кичи районундагы өрт кырсыгынан 3 турак үй толугу менен күйүп кетти. Өрт өчүрүлүп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Нету похожих статьей