Кабарлар 6 лет назад

Баткен облусунда катуу шамал катталды (СҮРӨТ)

Баткен облусунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жалпы Баткен облусу боюнча: 134 турак үйдүн чатырынан 1903 даана шиферди жана 42 даана темир листти, анын ичинен 26 чарбалык курулуштардын чатырынан 447 даана шиферин, 3 социалдык обьектилерден 102 даана шиферин учурган, баардыгы 2452 даана шифер зыянга учурган. 2015-жылдын 26-апрели күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин буйругунун негизинде КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 600 даана шифер бөлүнүп, 2 даана КамАЗ унаасынажүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлдү. КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 84 даана шифер жүктөп, Баткен облусуна жеткирилет. Чыгымдар толук эсептелип бүткөндөн кийин жергиликтүү бийликтин жана жарандык коргонуу комиссиясынын корутундусу менен кошумча шифер берүү жагы каралат.

Нету похожих статьей