Кабарлар 6 лет назад

Ош шаарынын мэри аралыкка чуркоодо биринчи орунду ээледи (СҮРӨТ)

Бүгүн, 25-апрель күнү Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата жалпы массалык чуркоодо калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жетекчилер арасында биринчиликти ээледи. Эске сала кетсек, аталган иш чара жыл сайын салт катары өткөрүлүп келет. А.Кадырбаевге Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан Ардак грамота жана белектер тапшырылды. Спорттук иш чарага мектеп окуучулары, студенттер, жаштар, мекеме ишканалардын кызматкерлери жаш курагы боюнча бөлүнүп, аралыкка чуркашты. Уюштуруучулардын айтымында, аралыкка чуркоо жаштарды жалпы жарандарды дени сак жашоого чакыруу менен ынтымакты да бекемдейт. Бир канча топко бөлүнүп, аралыкка чуркаган жарандардын арасынан алдыңкы орунду ээлегендер уюштуруучулар тарабынан Ардак грамота жана белектер менен сыйланышты.

Нету похожих статьей