Кабарлар 6 лет назад

Депутаттар: Сейрек кездешкен Айгүл гүлү сейрек тартып баратат

Депутат Айнуру Алтыбаева баштаган Жогорку Кенештин аял-депутаттарынын форуму «Айгүл-Таш тоосу» мамлекеттик ботаникалык коругунун аймагын тегерете тосмо тургузуш үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү жаатында көмөк көрсөттү. Эс алуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн бөлүнгөн каражатын эсебинен атайын жайлар курулган. Форумдун аял-депутаттары коруктун аймагын жашылдандыруу максатында бак-дарактарды отургузушкан. Депутаттар сейрек кездешкен Айгүл гүлүнүн сейрек тартып баратканын айтышты, анткени мурун Айгүл гүлдөрдү тоонун этегинде көрүү мүмкүн эле. Депутаттар Баткен облусунун символу болгон Айгүл гүлүн сактоо жана жайылтуу максатында инвесторлорду тартуу жаатында көмөктү көрсөтүүгө даяр экендегин билдиришти.

Нету похожих статьей