Кабарлар 6 лет назад

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады . Бул тууралуу, ӨКМнин пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 21-апрели күнү саат 21:45те Балыкчы-Каракол унаа жолунун 120-чакырымында мам.№ 8447 ВА “УАЗ” бортовой кабина үлгүсүндөгү автоунаа менен мам.№Т6571D “Мерседес Гигант” үлгүсүндөгү автоунаа сүзүшкөн. “УАЗ” автоунаасынын ээси такталууда, автоунаада 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам каза болуп, 3 адам ар түрдүү жаракат алган. Каза болгондор: Бейшеев Кубан 1960-ж.т. Балыкчы шаарынын тургуну кырсык болгон жерде каза болгон. Алжанбаев Расул 1955-ж.т. Бостери айылынын тургуну Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында каза болгон. КРнын ӨКМнин 31-ӨКБнын куткаруучулары “УАЗ” автоунаасы менен “Мерседес Гигант” автоунаасындагы (айдоочу Имашев Асылбек 1997-ж.т. Кашат айылынын тургуну) жаракат алгандарды автоунаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Чолпон-Ата шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Нету похожих статьей