Кабарлар 6 лет назад

Ошто Чернобыль апаатынын катышуучулары “Чернобыль баатыры” төш белгилери менен сыйланышты (СҮРӨТ)

Бүгүн, 21-апрелде,Ошто Чернобыль апаатынын катышуучулары “Чернобыль баатыры” төш белгилери менен сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Чернобыль окуясынын катышуучуларына төш белгилерди Ош мэрия А.Кадырбаев тапшырып,“Биз ар дайым Чернобыль апаатын жоюга катышкан жарандарга терең таазим этебиз жана Ош шаардык мэриясы болгон жардымыбызды аябай дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен апааттын катышуучуларын колдоо максатында 350 миң сом акча каражаты каралган”-деп билдирди калаа башчысы А.Кадырбаев. Ордендер Украина өлкөсүнөн атайын Ош шаарындагы апааттын 11 катышуучуларына жиберилген. Жалпысынан Чернобыль апаатына Ош шаарынан 46 адам катышкан.

Нету похожих статьей