Кабарлар 6 лет назад

Ошто жол кырсыгынан 2 жаштагы бала каза болуп, энеси комада жатат

2015-жылдын 17-апрелинде, Ошто жол кырсыгы катталып, кырсык болгон жерде эки жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу, \"Кабарлар\" МА Ош шаардык ИИБнын пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 17-апрелде болжол менен эртең мененки саат 08:30 чамасында Ленин көчөсүндө түндүктөн түштүк багытты край бара жаткан\"Тайота-Хайлюкс\" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун жээгинде токтоп турган\"Дэу-Матиз\" жана\"Хонда-Фит\" үлгүснүдөгү унааларды сүзүп алган. Жол кырсыгынын натыйжасында, 2013-жылкы туулганОдилхан Рахматиллаев аттуу кичинекей бала дароо көз жумган. Баланын апасынын абалы оор, учурда ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Учурда иликтөө иштери башталды.

Нету похожих статьей