Кабарлар 6 лет назад

Ошто 7 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болду (СҮРӨТ)

Ош шаарында 21-апрель күнү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 7 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болду. Иш-чара алгач калаанын Ленин-Навои көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, борбордук аянтка чейин жөө жүрүш менен башталды. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты. Андан соң тынчтык маршы Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен улантылды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасынын Оштогу консулдары, согуштун жана ооруктун ардагерлери, жана жөө жүрүштүн катышуучулары катышышты. Тынчтык маршында калаа башчысы бүгүнкү бейпил турмушка согуштун катышууучуларынын салымы чоң экендигин белгиледи. “Биз үчүн баа жетки бейпил турмушту, тынчтыкты, алып келүү үчүн Улу Ата мекендик согуш мезгилинде Ош шаарынан 14621 адам чакырылып, кан күйгөн согуш талаасында 3627 жердешибиз көз жумган. Согушта ата-бабаларыбыз канын төгүп жанын беришкен. Ошондуктан күнсанапазайып бара жаткан согуш ардагерлерине болгон урмат сыйыбыз чексиз”, - деди А. Кадырбаев. Андан соң, шаар мэри Белорусиядан келген төш белгилерди ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө тапшырды.

Нету похожих статьей