Кабарлар 6 лет назад

Ош ШИИБ: \"Оштогу саунадан сойкукана табылды\"

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аткарылган «Притон» операциясынын жүрүшүндө саунанын ичинде көмүскө сойкукана уюштурган администратор кармалды. Бул тууралуу, бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык ИИБнын пресс-кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,аталган иш-чаранын жүрүшүндө Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн жертөөлөсүндө сойкукана иштетилип жаткандыгы аныкталып, анын администратору ОШ ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ведомстванын берген маалыматы боюнча, бул ушул жылы текшерүүлөр менен жабылган 5-сауна. «Мурунку жылы Ош шаардык милициясы шаардын аймагынан сойкулук менен алектен 22 саунаны аныктаган. Бирок, мындай жайларды уюштургандардын көпчүлүгү сот тарабынан бошотулуп жатат. Ал эми соттун чечимине кийлигишүүгө биздин укугубуз жок», - деп айтылат маалыматта.

Нету похожих статьей