Кабарлар 6 лет назад

Ошто эки күнгө ичүүчү суу берилбейт

Ош шаарында 21-апрель түнкү саат 12ден, 23-апрель түнкү саат 12ге чейин таза суу берүү токтотулат. Бул күндөрү суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Буга жазгы жаандан улам, каналдар ылайланып калганы себеп болгон. Бул тууралуу “Ош шаардык суу канал” ишканасынан билдиришти. Ишкана шаар тургундарын бул күндөрү жетишээрлик суу камдап алууларын эскертет. Ошондой эле маалыматта шаардын 70 пайыз аймагында таза суу болбой турганы кошумчаланат.Ош шаарында суу тартыштыгын жоюу үчүн 6 миң куб метрлик эки суу бассейини курулуп жатат. Ал 2016-жылга чейин бүткөрүлөөрү пландалган. Учурда калаада 206 миң таза суу колдонуучу бар. Расмий эсеп боюнча шаарда 268 миң адам жашайт.

Нету похожих статьей