Кабарлар 6 лет назад

Жалал-Абадда Жеңиштин 70 жылдыгына карата көчөттөр отургузулду

Республика боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган «Түбөлүктүүлүктүн жана жашоонун урматына» деген акциянын алкагында Ата Мекендик Согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы «Нооруз» эс алуу багына 70 мөмөлүү дарак отургузууга 10дон ашуун ардагерлер катышты. Шаардык мэриядан алынган маалыматка караганда, мөмө берүүчү дарактардын көчөттөрүн отургузуу иш чарасына мектеп окуучулары активдүү келишти. Анда келген согуш арадагерлери мектеп окуучуларына өздөрүнүн насааттарын айтышып, согуштун апааты мындан ары болбой, элибиз тынчтыкта жашоо турмушун кечиришин тилек кылышты.«Бир бак кыйылса, ордуна жок дегенде 10 дарак олтургузуу керек”,- деген өздөрүнүн насааттарын айтышып, жаш өспүрүмдөрдү жаратылышты сүйүүгө, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин колго алууга үндөштү.

Нету похожих статьей