Кабарлар 6 лет назад

Кара-Үңкүр дарыясында суу көтөрүлүп, 200 жакын турак жайга коркунуч жаратууда (СҮРӨТ)

2015-жылдын 14-апрелинен 15-апрелине караган түнү Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун көлөмү 124 метр кубдан жогору болуп, суунун деңгээли көтөрүлүп, табигый жээктин 700-800 метр аралыгынан суу ашып кетүү коркунучуна жеткен. Суунун деңгээлинин көтөрүлүүсү Кызыл-Ай учаскасындагы Кызыл-Ай айылынын 40дан ашык турак жайына, Чын-Курулуш айылынын 60 турак жайына, Турпак-Коргон айылынын 70 турак жайына, Сейдикум айылынын 30 турак жайына жана 300 га айыл чарба жерлерине, ички чарбалык жолдоруна, сугат каналдарына коркунуч пайда кылган. Кырдаалды жөнгө салуу максатында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин аска таштар, темир бетон курулмалары менен тез арада бекемдөө үчүн 2015-жылдын 16-апрели күнү КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин буйругу менен КРнын ӨКМнен 1 экскаватор, 1 Бульдозер, 2 оор жүк ташуучу автоууна жумуш аткарууга жөнөтүлдү. КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу майор Асан Сулаймановдун билдирүүсүнө караганда учурда кырсыктын алдын алуу боюнча Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынан 1 автожүктөгүч, 1 оор жүк ташуучу автоууна жээк бекемдөө жумуштарын аткарууда. Эскерте кетсек, 2015-жылдын 24-мартынан баштап Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай участкасындагы жээкке жакын жайгашкан 15 турак жайларга коркунуч жаралган. Тез арада чара көрүү боюнча КРнын ӨКМнин адистери тарабынан чечим чыгарылып, Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун нугун убактылуу бурууга айыл аймагына КР ӨКМ тарабынан 1000 литр күйүүчү май бөлүнүп берилип, жумуш башталган. Жергиликтүү бийлик тарабынан 2 даана автожүктөгүч, 1 даана оор жүк ташуучу автоууна суунун нугун буруп, жээгине чоң таштар, темир бетон курулмалары менен бекемдөө жумуштарын аткарган.

Нету похожих статьей