Кабарлар 6 лет назад

Украинада оппозициялык блоктун депутаты Нестар Шуфрич Виктор Януковичтин баласынын өлгөнүн ырастады

“Тилекке каршы бул чын”,-деди ал Би-Би-Синин Украина кызматына коментарий берип жатып. Саясатчынын басма сөз кызматы Facebookка Виктор Януковичтин баласынын өлүмүнө көңүл айткан макаласын жарыялады. “Кандай жашаса ошондой каза болду. Арты кайрылуу болсун. Аялы Ольгага, баласына, туугандарына, жакындарына кайгыруу менен көңүл айтам. Бул көпчүлүк үчүн орду толгус жоготуу болду. Биз аны дайыма эстейбиз”,-деп айтылат билдирүүдө. Украиналык депутат Антон Геращенко дагы жеке булактарга шилтеме берүү менен Януковичтин баласынын өлүмүн ачыктады. Депутат: “Ал фольсваген Multivan кичи автобусу менен тоңуп калган көлдүн үстүнөн өтөм деп, кардын алдындагы жаңы муз менен эски муздун ортосундагы көрүнбөй калган чек арага туш кирип кеткен. Алгач машина музга айдоочу тарап менен кыйшайып чөккөн. Януковичтин баласы менен чогуу бара жаткан 5 адам машинадан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Алардын төртөөсүнүн буттары суу болгон да эмес. Ал эми бешинчисин муз күбүрүнөн тартып алышкан”,-деп белгилеген Facebookтагы баракчасына. Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында Байкал көлүндө фольсваген автосу сууга чөгүп, адам өлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Нету похожих статьей