Кабарлар 8 лет назад

“Ак Илбирс” кино сыйлыгын тапшыруу аземи “Манас” кинотеарында уюштурулду

2011- жылдын эң мыкты тасмасы деп \"Көч” даректүү фильми аныкталды. Кино \"Ак Илбирс” сыйлыгынын жалпы беш номинациясына татыктуу болду. \"Ак Илбирс” кино сыйлыгын тапшыруу аземи \"Манас” кинотеарында уюштурулду. Имараттын алды кызыл килем менен төшөлүп, андан кычырап, кооз кийнген кино чөйрөсүндөгү өкүлдөр шаңдуу музыканын коштоосунда өтүп жатты. Бардыгынын маанайы ачык, жүздөрү күлкүгө бөлөнгөн, бирок көбүндө толкундануу сезими байкалган. Кайсы тасма эң мыкты аталары аудиторияга табышмак болду, анткени сынакка 18 кино тандалган эле. Акыркы мүнөттө \"Көч” документалдуу тасмасы эң мыкты деп жарыяланды жана дагы төрт номинацияны утту. Эң мыкты сценарий номинациясы Молдосейит Мамбетакуновго берилди, Стамбулбек Мамбеталиев эң мыкты оператору болду, ал эми мыкты үн режиссер жана монтажер номинациясы Марат Эргешовго ыйгарылды. Марат Эргешов, Үнрежиссер, монтажер: \"Абдан кубанычтамын. Ойлогон эмесмин утам деп”. Кечеде кыргыз киносуна өзгөчө салым кошкондорго бир топ номинациялар тапшырылды. Улуу жана жаш муундун өкүлдөрүнө кызыгуусун жараткан \"Көк салкын” киносу көрүүчүлөрдүн купулуна арзыган тасма деп аныкталды. Ал эми \"Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” деген фильм эки номинацияга ээ болду. Эң мыкты сүрөтчү байгесине Элдияр Мадаким, эң мыкты композитор Наргиза Жалилова болду. Эң мыкты эркектин жана аялдын ролун аткарган номинациялар режиссер Эрнест Абдыжапаровдун \"Күкүк Шахра” тасмасында тартылган актер Евгений Таранов менен актриса Зарема Асаналиевага берилди. Ошентип, \"Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгы өз ээлерин тапты. Салтанаттуу кеченин катышуучулары уюштуруу иши жакшы өткөндүгүн белгиледи. Ал эми демилге көтөргөндөр муну менен токтоп калбай, Улуттук кино сыйлыкты уюштурууну жогорку деңгээлге көтөрүүгө аракеттенерин кошумчалады. Насыйкат Эсенканова, Алмаз Нурманбетов, КБКktrk.kg

Нету похожих статьей