Кабарлар 6 лет назад

Афганистанда 100 жакын адам кар астында калып каза болду (СҮРӨТ)

Афганистан Республикасында ушул жылдын 25-февралында Панджшер провинциясында (түндүк-чыгышында) эки күн бою катуу жааган кардын кесепетинен бир нече айылдарга кар көчкү түшүп, 100гө жакын адам кардын астында калып каза болду. Андан тышкары, бир нече адамдар жабыркаган. Жергиликтүү куткаруу кызматтары жана Кызыл жарым ай коомунун бригадасы аталган аймакта иштөөдө. Бүгүн, 27-февралда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыкка байланыштуу министр Кубатбек Боронов Афганистандын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин министри Даим Какарга көңүл айтты. Анда, каза болгондордун жакныдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалады.

Нету похожих статьей