Кабарлар 6 лет назад

Кытай армиясы ашыкча салмактагы аскерлерден арылууда

Кытай элдик-боштондук армиясы аскер кызматкерлеринин салмак стандартын бекитти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирет. Кабыл алынган планга ылайык, Кытай армиясында ашыкча салмактагы кызматкерлер наам ала албайт жана аскерде иши илгерилебейт. Бирок, талап кылынган салмактын ченеми так айтыла элек. Кытай улуттук коопсуздук университенин серепчиси Ли Дагуандын атымында, кытай аскерлери аскерий аракеттерге катыша элек жана заманбап шартка көнгөн жарандардын салмагы көбөйүүдө. Серепчи - ашыкча салмак жоокердин келбетин бузат, согуш талаасында жана өлкөнүн аскер күчүнө кедергисин тийгизет дейт.

Нету похожих статьей