Кабарлар 6 лет назад

Медицина керемети: 14 жаштагы Жанна Симмонс 118 күн жүрөгү жок жашады

АКШнын Майами шаарында 14 жаштагы кыз жасалма жүрөк салынганча кан бүркчү аппарат менен 118 күн жашаган. Дээрлик төрт ай бою жүрөксүз жашады. Дүйнөдө болуп көрбөгөн медицина керемети АКШда болгондугун Huriyet.com булагы жазып чыкты. Маалыматка караганда Майами университетинин медициналык борборунун дарыгерлери медицина тарыхындагы биринчи уникалдуу окуя тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда 14 жаштагы Жанна Симмонс жүрөк кан тамырлары ыкчам кеңейип, кан айлануу жүрбөй калгандыгы туралуу айтып берген. Дарыгерлер канды бүркүп турчу (импровизированный аппарат) аппараттын жардамы менен 118 күн бою, жаңы жасалма жүрөк салгыча кармап турушкан.Басма сөз жыйында Жанна Симмонс аппаратта өмүр сүрүү ушунчалык коркунучтуу экендигин жана качан аппарат бузулса өмүрү бүтөөрүн ойлогондугун билдирди. Июль айында кызга жаңы донордук жасалма жүрөк салынат. Бирок, жаңы жүрөгү жакшы иштебей эки күндөн кийин алынат. Андан кийин кайрадан донор жүрөк табылганча кан бүркчү аппаратта 118 күн жатат. Акыры Жанна Симмонско 29-октябрда донор жүрөгү ийгиликтүү салынат. Симмонс жүрөгү жок ооруканада кадимкидей кыймылдап, төрт ай жаткандыгын көз жаштарын төгүп айтып берди. Анда Симмсонс дарыгерлерге терең ыраазчылыгын толкундануу менен айтып, өзүн аппаратта кадимки адам сыяктуу эле сезгендигин билдирди. Эң корккону аппарат бузулбаса экен деп тилегенин жана катүү үнү экендигин кошумчалады. Азыр Жанна Симмонс оорукандан чыгып, адаттагыдай жашоодо.

Нету похожих статьей