Кабарлар 6 лет назад

Сауд Аравиянын 6-королу Абдалла бен Абдель Азиз Аль Сауд 91-жашында каза болду

Сауд Аравиянын 6-королуАбдалла бен Абдель Азиз Аль Сауд 91-жашында каза болду. Бул тууралуу Сауд Аравиянын басма сөз маалымат кызматы жазып чыкты. Акыркы жылдары корол бир кыйла ден соолугу начарлап өткөн жылдын декабрь айында Америкада операция жаткан. Абдалла бен Абдель Азиз Аль Сауддун сөөк узаты зыйнаты бүгүн, алгач борбор калаа Эр-РияддагыТурки бен Абдалла имамдын мечитине алпарылат. Андан соң, жергиликтүүАль Уд мечитине коюлат. Эскерте кетсек, Абдалла ибн Абдель Азиз Аль Сауд 1924-жылы 1-августта туулган. Учурда Аравиянын 7-королу болупСалман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд дайындалды. Ал 79 жашта жана буга чейин Ички иштер министрлик кызматын аткарган.

Нету похожих статьей