Кабарлар 6 лет назад

Казакстандагы бир айылдын жашоочулары белгисиз оорудан улам уктап калышууда

Казакстандын Акмола облусундагы Есил районунун Калачи айылында табышмактуу оору байкалууда, деп маалымдайт ВВС. Маалым болгондой, бул ооруну дарыгерлер «белгисиз генез энцефалопатиясы» деп атаса, жергиликтүү тургундар «уйку оорусу» деп аташууда. Маалыматка ылайык, айылдын жашоочулары үйдө да, жумуш ордунда да узак убакытка уктап калышууда. «Адам мас сыяктуу, автопилоттогудай бир нерсени түшүнсө, кээ бир нерселерди баамдабайт. Андан соң отурса же жатса, уктап калат», - дейт тургундардын бири. Анын белгилөөсүндө, уктап калгандардын баары толугу менен акыл-эсинен ажырап калган жок. Алар басып, сүйлөп жүрө алышат, бирок эсине келгенде алардын бирин да эстей албайт. «Бир аял Орусиядагы кызы менен сүйлөшкөн, бирок 5 күндөн кийин аны менен сүйлөшүп, билдирүү жибергендигин айтканда ал эстей алган жок», - дейт тургун. Маалым болгондой, бул оору алгач ирет массалык түрдө 2013-жылдын жаз мезгилинде пайда боло баштаган. Дарыгерлердин айтымында, бул оору сейрек түрдө мурда да кездешкен. Андан бери 600 тургуну бар Калачи айылында 100 адам «уктап калган». Ал эми декабрь айынын аягынан тарта 40 учуп катталып, элдер «уйку оорусунун» кайрадан башталгандыгын айтышууда. Дарыгерлер оорунун белгилери катары көп уктоо, жалпы алсыздык, баш айлануу, галлюцинация жана координациянын бузулушун белгилешүүдө. Калачи айылын тейлеген Красногорск айылындагы амбулаториянын башкы дарыгери Татьяны Протасованын билдирүүсүндө, оорунун жаңы толкунунда бул белгилер ачык байкалууда. Ошондой эле, дарыгерлер «стопоризация» деп атаган оорунун экинчи жолу кайталанышы көп болууда. Ал 10 күнгө чейин созулган учурлар катталууда. «Уктап калгандардын» арасында балдар да, чоңдор да бар. Белгилей кетсек, дарыгерлер жана окумуштуулар бул табышмактуу көрүнүштүн себебин таба алышпай келет. Ведомстволор аралык комиссия аймакта изилдөө жүргүзүүдө.

Нету похожих статьей