Кабарлар 6 лет назад

Каримов кайра президент болот

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду өлкөдөгү либералдык-демократиялык партия кайрадан президенттикке талапкерлигин көтөрүп чыкты. Ислам Каримов 76 жашта, Өзбекстанды 25 жылдан бери башкарып келет. Бул өлкөдө президенттик шайлоо акыркы жолу 2007-жылы болуп, анда да Каримов бир добуштан жети жылга Президент болуп шайланган. Акыркы кезде өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, 2015-жылдын 29-мартында өтө турган шайлоодон өткөн адам эми беш жыл гана президент боло алат. Аман турса Ислам Каримов 81 жашка чыкканча президент болот экен.Былтыр Каримовдун үй-бүлөсүндө эл аралык чоң чыр болуп, кызы Гүлнара үй камагына кабылып, аны менен иштешкен ондогон адамдар катуу жазаланган. Быйыл жыл жаңырары менен И.Каримов Өзбекстан СССРдин тирилишин каалаган бирикмеге мүчө боло албасын кескин айтып, чет өлкөлүк аскердик базаларды да өз өлкөсүнө жайгаштырууга каршы экенин билдирип, Өзбекстан өз жолу менен өнүгөрүн белгиледи.Ошентип азыр Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт компаниясы күч алды. Каримовдон башка бирөө да талапкерлигин коер-койбосу азырынча белгисиз. Койсо да өтпөсү белгилүү да…

Нету похожих статьей