Кабарлар 7 лет назад
admin Verified #sport

Мадраимов Табалды: МАИ кызматкери машинамды талкалап салыптыр.

Окуя Ош обл.Алай районун Гүлчө айылында болгон. Саламатсыздарбы! Мен-21 декабрь, 2013-жылы саат 14:00 до базарга индюк алганы бардым. Базардан кайтып келе жатканымда МАИ кызматкери сержант Камбарова Зарина машинамды токтотуп, машинанын документин сурады. Мен үйдөгү кийимим менен шашып чыгып кеткем экем, машинанын документи берки кастюмумда калып кетиптир. Кызым, документ үйдө калыптыр, кечирип кой, барып алып келе калайын десем, ынабай колумдан ключту жулуп алды. Бир саатай аркасынан жалдырап турдум. Акыры айлам кеткенде үйгө барып документти алып келгиче, МАИ кызматкери сержант Камбарова Зарина машинамды айдап, Ленин көчөсүндө бозокананын алдында машинамды талкалап таштаптыр. Ал машинаны 2012-жылы, Бишкектин машина базарынан кызым 8 500 долларга алган болчу. Мен МАИ кызматкери Заринага машинамды айдаганга укугун жокболчу, кандай менин уруксатымсыз айдадың десем, аке мен машинаңызды төлөп берем, болбосо 8.500 доллар беремин, сотко арызданбаңыз жөн эле мындай чечишип алабыз десе, мен ага ишенип калдым. Арадан 10-күн өткөндө кийин, машинаны оңдоп, польный покраска берип, аварийный состояние кылып, мага алып келиптир. Машинанын аласың, албасаң мен сага көрсөтөм, жашашыңды ойло деп коркутушту. Мен албайм дедим, зордук менен дарбазаны ачышып, менин уруксатымсыз, машинаны короого алып кирип койушту. Албайм, алып кеткиле дедим. Ар нерсени айтып коркутуштуп, машинаны кайра алып чыгып кетишти. Акыры айлам калбаганда, Алай районун Гүлчө айылынын прокуратурасына арыз жаздым. Арадан бир ай өттү. Бийликтерине таянып, кызматтарын кыянатчылык менен пайдаланып, менин маселемди чечип берчү түрү жок. Акыры айлам калбаганда силерге кайрылдым. Окуя Ош обл.Алай районун Гүлчө айылында болгон. Алай району, Гүлчө айылы. Мадраимов Табалды Ажыкулович. Тел:0555160780-0771260039

Нету похожих статьей