Кабарлар 7 лет назад
admin Verified #sport

Ат – Башы районунун Акими Субагожоевге салам дуба

Акимге салам дуба Ат – Башы районунун Казыбек айыл округунда он бир эл өкүлүнүн жетөө сессияга келсе райондон барган адам мыйзамды одоно бузуп квота жок деп сессияны өткөртпөптүр. Мыйзам боюнча жалпы эл өкүлдөрүнүн үчтөн экөө катышуусу керек болмок. Жети депутат толук жетишмек. Анткени толук кандуу санды түзөт 7, 222, эгерде үчтөн экиси 7,5 болсо квота жок деп өткөрбөй койгонго негиз болмок. Райондун өкүлүнүн бут тосуусубу? А балким аким Субагожоев бир тууган жээнин өткөрө албай калып, берген тапшырмасы эмеспи деген ой кетет? Ордолуу Ошто 45 эл өкүлүнүн 23ү катышып сессия өткөнүн көрдүңөрбү??? Ойлончуу маселе жаңы аким от менен ойнобой элдин ынтымагын сактап, кайра сессиянын мыйзамды одоно бузулгандыгын моюнга алуусу зарыл. Анткени сессияга барбагандар, акимдин жээнин сүрөгөн депутаттар экени жалпы айыл тургундарына маалым. Аларды удургуткандар жана ар кайда ээрчиткендер «Эгерде Такеев шайланса былыгыбыз чыгат» - деп корккон мурунку өкмөт башчылары экен. Эртең элде бөлүнүү, кайра шайлоо, чыгымдын үстүнө чыгым. Дагы элдин ыркы кеткени турат. Терең ойлон иним Жакыпбек Мойдунович саламы менен Азис.

Нету похожих статьей