Кабарлар 7 лет назад
admin Verified #sport

Элдик кабарлар: Мегакомду уурдатпайлы

Мегакомду уурдатпайлы Агайын-туугандар, мындан 2 жылга чукул \"АКС Мегакомдо укмуш коррупциялык схемалар ачылды» деп, бизди камакка алды эле. Мына ошондон бери тергөөсү бүтүп, эки айлампа менен жогорку сотко чейин барып, кайта эле сот ишти кароону баштай албай келатат. Себеп дегенде, миллиондогон «коррупция» деген айтып коюшканы менен эч нерсе таап далилдей алышкан жок. Мына жакында Биринчи Май райондук сотунун судьясы К. Архарова кылмыш ишин тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн кайтадан Башкы прокуратурага жөнөттү. Өз токтомунда судья кылмыш ишинин чала изилденгендигин, 32 том болсо да, коюлган айыптардын эч бир жүйөсү, далили жоктугун, ушул калыбында ишти сотто кароого мүмкүн эместигин айгинеледи. Эки жыл бою алышып жыга албай, ызасына арданып, Баш прокуратура эми Бишкек шаардык сотуна арыз жазды. Ушинтип эле \"жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп, эптеп ишти сотко түртмөйдүн аракети. УКМК менен Башкы прокуратура биригип алып, Президент баш болуп мына эки жылдан бери бир Алмаз Абековду соттой алышпаса, балким, чынында эле күнөө жок болуп жүрбөсүн, кандай дейсиңер? Болбосо, булар бийликте болуп, бир жөнөкөй кыргызга кантип алы жетпесин? Алы жетпейт, себеби акыйкат биз жакта. Булардын оюнда бир ок менен атып, эки маселе чечүү: биринчиси – бизди каралап, Мегакомдон алыстатып, андагы финансыны өз колуна алуу; экинчиси – эптеп айла-амал таап, Мегакомду сатып жиберүү. Максатына мына-мына жетебиз деп отурушкан кези... Абакка кимдер гана түшпөгөн. Эрки болсо эр-азамат бардыгын көтөрөт. Убагында Аалы Токомбаев, Иса Ахунбаев, а түгүл баатыр Кожомкул \"ышмыян” деген жалган айып менен НКВД камагында 2 жылдан отурушкан. Же \"ышмыян” деген эмне экенин өздөрү билишсечи... 100 жыл өткөн жок, азыр калың элдин аң-сезиминде Иса Ахунбаев ким, Кожомкул ким, Аалы Токомбаев ким, анан НКВДнын зөөкүрлөрү ким? Шүгүр, бул агаларыбыз аман калды, эгер Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов агаларыбыз аман калса, кыргызга дагы канча жакшы иш кылышат эле. \"Ышмыяндын” ордуна \"коррупция” деп кой, калганы баягы эле массалык агитация, ишин чала билген, бирок бийликтин сөзүн эки кылбаган тергөөчү, анан калса, коркутканы баягы эле түрмө. Жок, мени коррупция менен күрөшүүгө каршы экен деп ойлобогула. Андай эмес. Акаев кезинде да, Бакиев кезинде да коррупцияланган бийликтен далай запкы көргөм. Кашыктап тапканымды кан менен сыздатып сууруп алышчу. Жакшы ой менен иш кылсам да, аны тескери аңтарып куугунтукташчу. Коррупцияны жоюу керек. Мен эмнеге каршымын? Буюртма иштерге каршымын. Жалган айып такканга каршымын; мыйзам чегинен чыкканга каршымын; саясий ураанга жамынып, тымызын эл байлыгын уурдаганга каршымын! ГКНБ, АКС десе эле бир укмуш экен деп ойлобогула. Өңүн көрсөңөр, баягы эле бир пенделер, көбүнесе тигинтип-минтип мансап кууп кирип алган эле балдар. Албетте, арасында чынчыл профессионалдар бар, бирок бир абийирдүүсүнө он зөөкүрү турат. Араң турган немелерге бийлик колуна тийген экен, көп ойлонуп, изилдеп-тастыктабай эле иш козгоп, сапатынан санын кууп, оңду-солду карабай, самандай сапырып чаап аткан кези. Аларды тыйчу, мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратура болушу керек эле, көрүп атабыз го, АКСтен чапкы талашат... Байкасаңар, ал чапкы өз кишилерине тийбейт, эмнегедир көбүнчө көз карандысыз ою бар, ишкер адамдарга тийет. Бардыгын кырып бүтпөсө болду... Калың элге ачык айтам: бир жылга жакын иштеген убагымда мен Мегакомго же Кыргызстанга зыян болчудай эч бир нерсе кылганым жок. Тескерисинче, апрель окуяларынан кийинки абалда Убактылуу өкмөттүн чакырыгына ишенип, өз мекенибиздеги ишкананы эч бир чет мамлекеттик адистерден кем калбай иштетете аларыбызды көрсөткүбүз келди. Көрсөттүк. Эгер 2010 жылы Мегаком бюджетке 800 миллион сом төлөгөн болсо, биз ал төлөмдү бир эле жылда беш эсе, төрт миллиард сомго чейин көтөрдүк. Мегаком эң ири ички инвестор болуп, 1,8 миллиард сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алды. Ал каражат бюджеттин тешиктерин бүтөөгө өз салымын кошту. Бир жылдын ичинде Мегаком Кумтөрдөн кийинки экинчи ири салык төлөөчү болуп, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 6 пайызын берди. Бир жылдын ичинде биз жаңы коммутаторду куруп, ишке киргизип, 3G кызматын сунуштадык. Ушундай жетишкендиктери үчүн адилет жетекчилик сый көрсөтмөк. Бизди тескерисинче башка чапты. Эмне себептен? Эң негизги себеп – бизди Мегакомду жетектөөдөн алыстатуу. Антпесе, бир далай атка минерлердин чөнтөгү буулуп, Мегакомдон кол үзүп калууну каалабаган баягы эле Penwellдин үрөйү учуп бараткан. Биз Мегакомду толук бойдон Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетип, 100 пайыз үлүшүн мамлекетке өткөрүп берүүнү көздөгөнбүз. Мегакомдон бирөөнүн сол чөнтөгүнө канча акча кетип жатканын ошондон көрүңүз – бир жылда 800 миллиондун ордуна бюджетке 4 миллиард сом төктүк. Ойлонуп, калыс оюңузду айтыңызчы, эгер биз жыл бою акча уурдагандан башка эч нерсе кылбасак, анда кайдан эле бюджетке 5 эсе көп акча түшмөк? Мегаком сиздики болсо, жаңы койгон жетекчиңиз кирешени беш эсе көбөйтсө, сиз аны башка чабасызбы же бапестеп көңүлүн аласызбы? Бизди камады, эки жыл өттү, Мегакомдун иши оңолдубу? Же Кыргызстан гүлдөп кеттиби? Мына бүгүн өкмөт Мегакомду кантип сатуунун айласын таппай жүгүрүп атып, Парламенттин макулдугун алып, \"көз карандысыз” деген баалоо жүргүзүп, ишкананын 49 пайызын 5,8 миллиард сомго баалады. Калайык, калыс оюңарды айткылачы, эч нерсе сурабай, өзү эле жылына 4 миллиард таза акча берип жаткан ишканаңарды жарыбаган 5,8 миллиардга сатасыңарбы? Анысы аз келгенсип, бүгүн мамлекет өзү Мегакомго 7 миллиард 900 миллион сом карыз. Бул карыз салыктардан тышкары мамлекеттик баалуу кагаздардын карызы. Ал карыз боюнча Финансы министрлиги менен Улуттук Банк Мегакомго жылына 10 пайыз үстөк төлөйт. Анан кантип 5,8 миллиардга сатканы жатышат? Ой, бул сатуу эмес эле үстүнө бир кербен төө кошуп, бекер берүү болуп жатпайбы!? Ушунун баарын билип туруп, Жогорку Кеңештин депутаттары баш болгон аттуу-баштуу 23 кишиден турган комиссия Мегакомду болгону 5,8 миллиард сомго баалап, кимдир бирөөгө бекер берүүгө даярдап бүтүп калды. Эртең бирөө келет, аукциондон Мегаком үчүн керек болсо 7 миллиард берем дейт да, анан мамлекет өзү Мегакомго карыз болгон акчанын эсебинен жаап коет. Болду, 1 тыйын сарптабай эле Мегаком бирөөнүн чөнтөгүндө болуп калат. Же, башка жагынан алалы. «Мегакомдун 51 пайызын Penwell деген неме сотто утуп, тартып алат»- дейт биздин экономика министрибиз. Ой, анда сиз эмне министр болуп жүрөсүз, кечиресиз, Темир мырза. Жылына миллиарддаган киреше берип жаткан ишкананы мамлекетке алууга далбастабайсыңарбы, же ошого аракет кылган жигиттерди жөн койбойсуңарбы! Бизди жөн койсоңор, эчак эле Penwellдин кыялын арман кылып коймокпуз. 2010-жылы Мегакомдун 100 пайызы Максим Бакиевдики болчу. Эгер Penwell келип дооматын койсо, «бар, Англияда жүргөн муруңку шериктешиңен доола», деш керек болчу. Анан 2010 жылы Penwell жакка чечим чыгарган соттордун ишин угуш керек. Эч нерсе эмес, аман болсок Мегакомду элге алып беребиз, себеби, эл байлыгы элге кызмат кылыш керек. Биз кайдагы бир селсаяк эмеспиз. Биз өз билимибиз, эмгегибиз менен урмат-сыйга ээ болгон тажрыйбалуу адистербиз. Биз кыргызбыз, менин туулган жерим Ысык-Көл, Азамат менен Кенжебектики Сары-өзөн Чүй, мекенибиз- Кыргызстан. Эч бирөөгө кылган жаманчылыгыбыз жок. Биз эркиндикте жүрсөк, коомго же эч бир адамга зыян болбойт. Анан эмне үчүн абакта кармоо керек? Себеби эркибизди сындырып, тепсеп салууну көздөшөт. Тергөөчүлөргө айтаарым: \"Мени сындырчу убакыт өттү. Айып таксаң – мыйзамдуу жол менен негиздеп, сотто далилде. Далилдей албасаң –дайыны жок асылба”. Ушул эки жыл бою мен эркиндикте болсом, эмдигиче кыргыз элине көп жакшылыгым тиймек: Алиппе ТВ иштеп, элет жергесиндеги балдарыбыз шаардагы мектептерден кем калбаган сапатта билим алууга мүмкүнчүлүк алмак. Менин терең ишенимимде Кыргызстандын байлыгы тоо алдындагы кендерде эмес – кыргыз элинин билимдүүлүгүндө, маданиятында, тарыхында. Кендерди казып бүгүн байыйбыз – эртең урпактарыбызга чөл калтырабыз. Кыргыз жерин эчен кылым бою ата-бабаларыбыз сактап, бизге мураска калтырды. Өз балдары үчүн Жер энебиз сүтүн да, канын да аябайт. А биз болсо Жер энебиздин төшүн кескилеп, чоочун селсаяктарга сатып атабыз. Эртеңкибиз эмне болот? Адепсиз балаңа тонналаган алтын калтырсаң да адам болбойт. Андан көрөк билим берсең турмушта өз жолун таап оокатын кылат; Санарип телекөрсөтүүсүнө өтүү өз нугу менен жүрмөк. Балким, эмдигиче бүтүп деле калмак. Мына абакта отуруп, санарипке тигинтип же минтип өтөбүз дегендерди угуп, бир чети күлкүм келет. Бардыгы эле бюджеттен каржылоо сурайт, анысы да аз эмес, 300 миллион дейби, айтор, асмандын башы. Убагында уюлдук байланышка өтүү үчүн эч ким бюджеттен акча сураган эмес. Анан башты иштеткендин ордуна акча сурай берген жетекчи иштен оң жыйынтык чыгарабы? Санарипке өтүү үчүн бюджеттен бир да тыйын кереги жок. Мен муну адис катары ачык эле айтам. Мен Бишкек шаардык сотунун судьяларына кайрылгым келет: Мыйзамдан чыкпай, калыс, акыйкат чечим кабыл алгыла. Билем, Башкы прокуратура силерге басым көрсөтөт. «Иштен кетиребиз»- дейт. Анан акыйкат чечим чыгарсаңар: «Мына, Абековдон пара алып, сатылып кетти»- дейт. Мен силерге пара бербейм, абийиңерге, намысыңарга чакырам. Арам сөзгө алдырбагыла, коркпогула. Конституцияга ылайык, сот – өзүнчө, көз карандысыз бийлик булагы. Ошондой болгула, мыйзам чегинде, өзүңөрдүн ички сезимиңерге таянып, акыйкат чечим чыгаргыла. Ыйык мантияңарга саясий кир жугузбагыла, таза болгула. Элиме кайрылуум, мени мурдатан тааныганың бар, сырттан билгениң бар. Эгер мен жасаган иштерге, Мегакомдун келечегине кайдыгер болбосоңор, мен жогоруда айткан ойго тилектеш болсоңор, сот отурумуна келгиле. Сот отуруму 2 декабрда саат 10-00 Бишкек шаардык сотунда болот. Сот отуруму ачык, келип өз кулагыңар менен уккула, калыстыгыңарды билгизгиле. Эч кандай чаң-тополоң, митинг-плакаты жок, карааныңар менен элдин сүрү деген эмне экенин көрсөтүп койгула. Судьяларды колдогула. Алар үчүн акыйкат чечим чыгаруу кыйын болот, силердин колдооңор менен, балким, кайраты жетер. Алыс болуп, же кандайдыр бир себеп менен келе албасаңыз, 0708 050 080 номерине \"колдойм” деген сөз менен СМС жиберип колдоп коюңуз. Бул менин жактоочум Абаз Мамбетакуновдун уюлдук телефону. Силердин ар бир СМСиңер мага тоодой тирек болот. Мегакомду уурдатпайм. Кыргыз \"балам” деп жашап келген, аман-эсен чыгып, Кудайым күч-кубат берсе, Кыргызстанда эң алдыңкы билим берүү системасын курам. Элиме терең ыраазычылыгым менен, Алмаз Абеков

Нету похожих статьей