Кабарлар 8 лет назад

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Кара-Суу районуна МТС ачты

Эми Ош областындагы эң ири аймак болгон Кара-Суу районунун дыйкандары айыл чарба ищтеринде заманбап техника жана шаймандардан кенен пайдалана алышат. Себеби бул аймакта \"Өнүгүү-Прогресс” партиясынын кезектеги техникалык сервиси ачылды. Бул районго он трактор ар кандай айыл чарба шаймандары менен алып келинди. Бул окуяга арналган салтанат Кара-Суу шаарынын стадионунда болуп, ага райондогу дыйкандар, айыл чарба адистери, жетекчилер, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров, Абдулатип Режевалиев, Тынчтыкбек Шайназаров, экс-депутаттар Улукбек Ормонов, Айтибай Тагаев, Алишер Мамасалиев, Арапбай Төлөнов жана башка мартабалуу инсандар катышышты. Ушул райондун тургуну, белгилүү инсан Арапбай Төлөнөв эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө айыл жериндеги кыйналып жаткан дыйкандарга жардам берген партияга жана анын лидери Б.Төрөбаевге терең ыраазы экенин билдирди. Анын айтымында, депутат Б.Төрөбаевдин жеке демилгеси менен өлкөнүн үч областында ушундай техникалык сервистер ачылып, элге кызмат кылышууда. - Башка партиялар саясий амбициядан башы чыкпай кызмат талашып, митинг-пикет уюштуруп, жол тосуп жүргөн кезде эл кызматын реалдуу аткарган бул партияга ыраазы болушубуз керек, - деди ал. Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунан келген конок Мурат Жетимишбаев өз сөзүндө ушундай эле техсервис Көл кылаасында уюштурулуп, элеттик дыйкандарга арзан жана сапаттуу кызмат көрсөтүп жатканын, Б.Төрөбаевдин демилгеси жалпы элдин биримдигине да кызмат кылып жатканын баса белгиледи. Ал эми Кара-Суу райондук мамлекеттик адмиинстрация башчысы-акимдин орун басары Каныбек Кимсанов райондун дыйкандарына ушундай камкордук көргөнү үчүн депутат Б. Төрөбаевге алкыш айтты. Ошондой эле дыйкандарга болуучу жардам ушуну менен токтоп калбастыгына ишенгенин билдирди. Ал эми Б. Төрөбаев болсо, элге кайрылуу менен айыл чарбасы өнүкмөйүнчө жалпы экономика алга жылып кетпесин, ошону үчүн бул тармакка көп маани берип жатканын, дагы да ушундай камкордуктар боло берерин, ал эми дыйкандар активдүү аракет менен агротехниканы мыкты өздөштүрүүгө аракет кылуулары зарылдыгын белгиледи. Ошону менен бирге дыйкандарга жардам көрсөтө албаган Айыл чарба министрлигин сынга алды. Бул салтанатта алып келинген техникалар жана шаймандар эл алдында параддан өтүп, алардын функциясы, иштөө тартиби тууралуу кенири маалымат берилди. Андан соң салтанаттын катышуучуларына чакан программадагы концерт тартууланды.

Нету похожих статьей