Мека Дубанаева 3 месяца назад
Meka.D Verified #people

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 30 жылдыгы белгиленди

2021-жылдын 22-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин клубунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 30 жылдыгын майрамдоонун урматына салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын начальниктери, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана ИИМдин БМЖКККнын өздүк курамы катышты.

ИИМдин буйругу менен БМЖКККнын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маркум А. Алиевдин жубайы М. Алиева ведомстволук медалдар менен сыйланышты.

 


Нету похожих статьей