Мека Дубанаева 3 месяца назад

Сүйүн Өмүрзаков Ош ОИИБдин кызматкерлерине 7 бѳлүктѳн турган тапшырма берди

2021-жылдын 21-апрель күнү Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусунда Ош облустук ички иштер башкармалыгы 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында башкармалыктын 2021-жылдын 1-чейрегиндеги аткарган ыкчам –кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

 Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов жана башкармалыктын бөлүм, кызматтардын жетекчилери катышышты.

Жыйында башкармалыктын 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги аткарган иштери жана алдыда аткарылуучу иш-чаралары талкууланды. Аталган маселелер боюнча бөлүм башчылар баяндама беришти.

 «Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ѳздүк курамы ѳткөн шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоодо кызматтык милдеттерин так аткарышты. Одоно тартип бузууларга жол берилген жок. Кѳчмѳ кабылдама менен элдердин арасында иш алып барууда жакшы иштерди жасап жатасыздар. Үч ай ичинде кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ кѳрсѳткүчтѳр жаман болгон жок. Бирок ошол эле учурда кемчиликтер дагы жок эмес. Кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Ишти ушундай темп менен алып кетүү керек»,-деди ички иштер министринин биринчи орун басары С.Өмүрзаков.

Ошондой эле, Сүйүн Өмүрзаков 7 бѳлүктѳн турган тапшырма берди:

1-багыт: Элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде кылмыштардын, жоруктарды бетин ачуу, мурда катталган кылмыштардын бетин ачуу, сапаттуу, акыйкат тергөө жүргүзүү менен принципиалдуулукту, чындыкты көздөгөн иштерди алып баруу;

2-багыт: Элге татыктуу кызмат көрсөтүп, милициянын эл үчүн кызмат өтөп жаткандыгын белгилөө менен, жергиликтүү бийлик органдары, донорлор, өнөктөштөр менен белгиленген тартипте өз ара сүйлөшүүлөрдү алып барып, кызматтык ишмердикти жакшыртууга, шарттарды түзүүгө аракеттерди көрүү;

3-багыт: Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердигин улантып, жакшы жыйынтыктарга жетүү. Көчмө кабылдамалардын баркын сактоо;

4-багыт: Өздүк курам арасында таалим-тарбияны күчөтүп, мыйзам жана тартип бузууларга жол бербөө;

5-багыт: Ар түрдүү социалдык жана турмуш-тричиликке зыян алып келүүчү кылмыштарды, жоруктарды болтурбоо, үй-бүлөлүк зомбулукту, өспүрүмдөр арасында кылмыштарды, аларга карата зордук-зомбулуктарды болтурбоо, жарандардын, анын ичинде жаштардан уюшкан кылмыштуу топторго, баңгиликке берилүүсүн алдын алуу, экстремизм жана террорчулук азгырыктарга бөгөт коюу иштерин жүргүзүп, элдин келечегине милиция кайдыгер карабастыгын ырастоо;

6-багыт. Эпидемиялык кырдаал начарлап кеткен учурда (эгерде жаңы толкун пайда болсо) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке саламаттыгын камсыздоо үчүн медициналык бөлүктөрдүн ыкчам иш алып баруусун уюштуруу;

7-багыт: Реформалоо иштеринин алкагында санариптештирүү багытында заманбап баскычтарга жетүү үчүн иш алып баруу.

 «Ош ОИИБдин ѳздүк курамы Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууга жѳндѳмдүү жана ѳз милдеттерин абиирдүүлүк менен аткарат деп ишендирип кетем. Эл менен тыгыз кызматташуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдѳ»,-деп билдирди Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Басма сөз кызматы


Нету похожих статьей