Мека Дубанаева 3 месяца назад
Meka.D Verified #politic

Рыскелди Момбеков: "Кумарканаларды ачуу мыйзамы күч менен кабыл алынды"

Бүгүн Жогорку Кеңеште Ысык- Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна 67 депутат “ макул” деп добуш беришсе, 23ү каршы болгон. Бул мыйзам долбоору күч менен кабыл алынганын Рыскелди Момбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Кумарканаларды ачуу мыйзамы күч менен кабыл алынды, урматтуу достор. Ыйык рамазан айында ушул мыйзамды кабыл албасак болот эле. Эки гана жол бар эле, Акүйдүн алкышын ала тургандар арбын болдубу же калың элдин каргышын ала тургандар арбын болдубу, элибиз өзү электен өткөрүп алсын эми”, - деген Момбеков.




Нету похожих статьей