Мека Дубанаева 3 месяца назад

Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комитети депутат Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана анын депутаттык күбөлүгүн жараксыз деп тапты. Буга анын өзүнүн жазган арызы негиз болгон.

Анын ордуна «Бир Бол» партиясынан кезекте турган Аманкул Токтомамбетовго депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.

Эске салсак, 4-февралда парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Анда ага сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган.

12-апрелде УКМК Жумалиев мамлекеттик казынага 1 миллиард сом төлөгөнүн маалымдаган

Нету похожих статьей