Мека Дубанаева 6 месяцев назад

Кыргызстан Индиянын аскер спецназы менен тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери "Канжар –VIII" аталышындагы машыгуу өткөрөт.

Машыгуу Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эки мамлекеттин аскерлери тоолуу шарттарда машыгып, мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топторду жок кылуу операциясын иштеп чыгышат.

"Ошондой эле биргелешкен машыгууда тактикалык, тоо, аскердик-медициналык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлөт. Андан сырткары, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттагы чаралар тууралуу практикалык сабактар жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда аскерлер сабакта өткөндөрдүн бардыгын иш жүзүндө көрсөтүп берет.

Белгилей кетсек, "Канжар" биргелешкен машыгуусу Кыргызстан менен Индиянын аскер ведомстволор аралык достугунун алкагында жыл сайын өтүп келет. 2019-жылы Индияда уюштурулган.


Нету похожих статьей