Кабарлар 1 год назад
admin Verified #news

ИИМ жашыл жана атайын тешиктери бар беткапчан шайлоочулар боюнча окуяны текшерип жатат

Буга чейин социалдык тармактарда аймактардын биринде шайлоочулар өзгөчө медициналык беткаптар менен добуш берүүгө келип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.Брифинг учурунда ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов аталган маалыматка карата комментарий берди.«Бизге шайлоочуларга атайын жашыл жана айрыкча тешиктери бар беткаптар берилип жатканы жөнүндө маалымат келип түштү. Маалыматтар текшерилип жатат, жарандар аларга беткаптар кандай максатта берилгендиги боюнча сурак берип жатышат», - деди Макилов.Ал белгилегендей, бул эки башка факт.

Нету похожих статьей