БШКнын өкүлү Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна 36 кайрылуу түшкөнүн билдирди.\"Административдик ресурс колдонуу боюнча 3, үгүт иштеринде шарттарын бузуу боюнча 13, шайлоочулардын укугун бузуу 1, шайлоо тилкелерине ташуу 1, бюллетендерди сүрөткө тартуу 1, тилкелерде белгисиз адамдардын турганы боюнча 2, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана башка кайрылуулар түштү. Кайрылуулар шайлоочулардан, талапкерлерден, коомдук фонддордон келди\", - деди ал.