Кабарлар 1 год назад
admin Verified #news

ИИМ: Ак-Ордо жаңы конушунун аймагындагы шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу фактысы тастыкталган жок

2021-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Ордо коңушунда жайгашкан №96-орто мектебинде  белгисиз партиянын өкүлдөрү “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоп берүү үчүн акча таратып  жаткандыгы тууралуу  жалпыга маалымдоо  каражатынан белгисиз аял киши тарабынан тартылган видео таратылган. Аталган окуя боюнча  2021-жылдын 11-апрель күнү саат 14:16 чамасында автоматташтырылган маалымат тутумуна   катталып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнүн №3-документтештирүү тобу аталган дарекке чыккан.Документтештирүү тобу окуя болгон жерге барган учурда маалымат тастыкталган эмес, видеону тараткан аял кишинин өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Азыркы учурда көрсөтүлгөн маалымат боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. ИИМдин Басма сөз кызматы

Нету похожих статьей