Кабарлар 1 год назад
admin Verified #news

Айбек Осмонов: Бишкек жана Ошто шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй ыплас өтүүдө дешүүдө

Адилеттүүлүк, калыстык, ачык-айкындык болбогон жерде ар дайым нааразычылык күчөп, элдин акыры келип толкундоосу келип чыгат. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов ФБ баракчасына жазды.\"Дал ушул шайлоонун сасык саясатынан былтыр 5- октябрь төңкөрүш болуп, кырчындай болгон жаш жигитибизден, канчасы ден-соолугунан ажырашты?! Бул бизге сабак болуш керек эле!!! Анткени шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон мекендештерибиз селдей толкун жаратпады беле?!  Эми бүгүн өзүм өз көзүм менен дагы жана мага жеткен маалыматтар, кайрылган жарандардын каттарынан улам Бишкек жана Ош шаарында шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй ыплас өтүүдө дешүүдө. Баягы эле добуш сатып алуу, мыйзам бузуулар...Кагылайын калкым! Чогуу тарых жараталы дебедик беле? Ушулбу биздин өнүгүү жолуна кадам таштаганыбыз? Ушулбу биздин таза шайлоого болгон аракетибиз?  Бүгүнкүдөй күн үчүн жаш өмүрлөр кыйылды беле? Эмнеге намысты унуттук? Келечекти жарыбас акчага сатып жаткандагыбызбы?  Бийлик өкүлдөрү эмнеге жымжырт, кормоксонбуз?  30 жылдан бери бутубуз баткактан чыга албай, же ары же бер жыла албай, чөгүп эле баратабыз... Өзүнө сиңирип жаткан баткактан ар бирибиз силкинип, бир күч менен, азгырылбай, сатылбай, түбөлүктү ойлоп кургакка тарых учун кадам таштасак болот беле? Эмнеге биз ойлонбойбуз? Эмнеге биз эски системадан чыга албайбыз? Чынында жүрөк толкуп, тынчым кетип турат.  Мындай жол менен кете берсек, эртеңки балдарыбыздын келечеги кандай болот? Мен үчүн тунгуюк болуп баратат! Түбөлүккө алып кетчү нерселердин бири чынчылдык, тазалык, бийик абийир!  Ар  бир саткан, сатып алган добуш үчүн акыретте жооптуу экенибизди унутпайлы!  Урматтуу бийлик өкүлдөрү, ыкчамыраак чара көрүңүздөр! Урматтуу  кыргыз элим, ойлонгула! Абийириңерди ойготкула!!!\", - деп белгиледи депутат.

Нету похожих статьей