Кабарлар 1 год назад
admin Verified #news

БШКга добуш сатып алуу боюнча 36 арыз түшкөн

Борбордук шайлоо комиссиясына 106 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Шайлоо жана Калыстар боюнча Борбордук Комиссиянын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.Анын айтымында, мыйзам бузуулардын көпчүлүгү добуштарды сатып алууга байланыштуу.«Координациялык топтун маалыматтары боюнча, мыйзам бузуу боюнча 106 гана арыз бар. Алардын 36сы добуш сатып алуу боюнча фактылар. Мындан тышкары, административдик ресурстарды колдонуу боюнча 26 факт. Бардык мыйзам бузуулар боюнча керектүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деди ал.

Нету похожих статьей